Төрага Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Конституция күнүнө карата куттуктады

 Төрага Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Конституция күнүнө карата куттуктады

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин 5-май – Конституция күнүнө карата куттуктоосу:

 

“Ардактуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 5-май – Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кылым карыткан кыргыз эли каада-салтка негизделген эреже менен жашап, узак жолду басып өттүк. Эркиндик элибиздин башкы чакырыгы болуп, Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн мураскерлери катары көз карандысыздыкка умтулуп келдик. 1991-жылы ата-бабаларыбыз эңсеген эгемендик кайрадан колубузга тийип, мамлекетибиз түптөлдү. 1993-жылдын 5-майында тарыхый баалуулуктарыбызга жана жаңы багытыбызга шайкеш келген алгачкы Баш мыйзамыбызды кабыл алдык. Ошол 30 жыл мурун кабыл алынган Конституциябыз өлкөбүздүн көз карандысыз, өз алдынча өнүгүшүнө өбөлгө болгонун баса белгилейм

30 жыл аралыгында ар түрдүү жагдайлардан улам Баш мыйзамыбыз бир канча өзгөртүүлөргө дуушар болду. Айрым учурда бийликтеги кайсы бир топтордун кызыкчылыгына ылайык, алмаштырылып келгени да жашыруун эмес. Анткени менен эркиндикти сүйгөн элибиз, жоопкерчиликти бир кишиге жүктөп, бир багытты көздөгөн акыркы Баш мыйзамды тандады. Натыйжада, демократиялык баалуулуктарды камтыган, ошол эле учурда улуттук баалуулуктарыбызга негизделген жаңы Конституциябыз ишке кирди.

Баш мыйзамыбызга киргизилген түзөтүүлөрдүн жемиши азыртан байкалып, саясий-экономикалык багытта ири реформалар, жакшы өзгөрүүлөр болууда. Албетте, бул чек эмес! Бардыгыбыз мыйзамга баш ийген укуктук мамлекетти калыптандырууну улантышыбыз керек. Түндүктү көтөргөн ууктардай, эгемен мамлекетибизди биргелешип көтөрүп, өнүктүрүүбүз кажет.

 

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу Конституция күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик, журтубузга бүтүндүк, жергебизге тынчтык каалайм! Бабалар мураска калтырган Ала-Тообузга ынтымак менен ырыс-кут орносун. Баш мыйзамыбыз өнүгүүнүн булагы болуп, коомубуз алдыга жыла берсин!”

Связанный пост