Президент кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

 Президент кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

 

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүн, 2023-жылдын 5-майында азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеген көз карандысыз Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясынын кабыл алынгандыгына 30 жыл толуп олтурат.

Баш мыйзамда мамлекеттин жогорку баалуулуктары адам, анын жашоо-турмушу, укуктары жана эркиндиги деп таасын белгиленген. Ошондой эле эгемендүүлүк, элдик бийлик, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, укук үстөмдүгү жана демократия салттары бекемделген. Бул негизги документте жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнүн укуктук, коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өбөлгөлөрү аныкталган.

Конституциянын жаратмандык дарамети чектелбейт, ал  зарыл  болгон социалдык-экономикалык, коомдук-саясий жана башка шарт-жагдайлардын жаралышына жараша улам жаңы кырынан ачыла берет. Ошондуктан эгемендүүлүк жылдарында конституциялык реформалардын жүрүшүндө Баш мыйзамга жаңы реалдуулуктарды чагылдырган кошумча укуктук механизмдер жана ченемдер бир нече жолу киргизилген.

Азыркы мезгилде эл биримдигинин, өлкөнүн көз карандысыздыгы менен мамлекеттин бүтүндүгүнүн, коомдун өнүгүүсүнүн, азыркы Кыргызстандын демократиялык, саясий, укуктук, экономикалык жана идеологиялык тирегинин калыптанышынын негизи дал ушул Конституция болуп саналат.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн алдында турган негизги милдеттер жалпы таанылган демократиялык ынанымдарды ырааттуу бекемдөө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин чыңдоо болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Конституциябыздын дем-күчүн, маанисин жакшы билүүгө тийиш.

Биз Конституцияны урматтап, ченемдерин сактап, анын маңызын аңдай жана баалай билгенде гана өз өлкөбүздү, Ата Мекенибизди, Кыргызстан элинин баалуулуктарын аздектеп сыйлайбыз, ошондо гана мамлекеттин өнүгүүсүнө, коомдун биримдигине, тынчтыкка жана бейпилдикке жете алабыз.

Эртеңки күнүбүздүн укуктук таянычы болгон Баш мыйзамыбыз өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кепилдиги болуп кала берет!

Өз тагдырыбызды өзүбүз чечүү укугун туу тутуп, укук үстөмдүүлүгүн, адилеттүүлүктү жана тең укуктуулукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган Конституциябыз туруктуу болсун!

Дагы бир жолу жалпы кыргызстандыктарды Баш мыйзамыбыздын 30 жылдык мааракеси менен куттуктаймын!”.

Связанный пост