Төрага Нурланбек Шакиев Кыргыз улуттук агрардык университетинин 90 жылдык маарекесине арналган салтанатка катышты

Бүгүн, 8-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 90 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Аземде сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев аталган университет кылымга тете тарыхында ɵсүп ɵнүгүүнүн татаал, бирок даңктуу, жаратмандык жолун басып ɵткөнүн белгилеп: “Өлкɵбүздɵгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарында жигердүү өнүгүп келе жатканына бардыгыбыз күбɵбүз. Анткени 90 жыл ичинде агроɵнɵржай тармагы үчүн 70 миңден ашуун жогорку квалификациядагы адистерди даярдап чыгарган. Андыктан бүгүн университетке “Даңк” орденинин ыйгарылып жатышы кубанычтуу жаңылык. Бул сыймыктуу сыйлык окуу жайга дагы чоң жоопкерчиликтерди жүктөп, окутуучулардын жигердүү иштөөсүнө түрткү берет деген ойдомун”,- деди.

Муну менен катар окуу жайдан кыргызга белгилүү улуу инсандар билим алганын эске салып: “Алардын катарында дүйнɵлүк адабияттын алпы, адистиги боюнча зоотехник, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов да бар” – деген Төрага атактуу инсандын ысымын университетке ыйгаруу сунушун берди.

Андан тышкары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун мурдагы тɵрагасы, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, Кыргыз Республикасынын баатыры Таштанбек Акматов баштаган таанымал инсандар да ушул окуу жайда окуганын белгилеп: “Илим чөйрөсүндө болобу, коомдук-саясий турмушта болобу окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп келишет”, – деди Төрага.

Муну менен катар Агрардык университет баштаган өлкөдөгү беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берүүгө байланышкан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатканын айткан Нурланбек Шакиев өзгөчө макам университеттердин өз алдынча өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүнө ишенерин билдирип, өзү да аталган окуу жайда билим алганын эске салды.

Мындан ары да окуу жай студенттерге сапаттуу билим берүү менен катар өлкөнүн агрардык секторун илимий жактан камсыз кылууга, илимдин жетишкендиктерин өндүрүшкө жайылтууга басым жасашы керектигин билдирген Нурланбек Шакиев Кыргызстан заманбап технологияларды, инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү мыкты өздөштүргөн адистерге ар дайым муктаж экенин кошумчалады.

“Бүгүнкү күндɵ университет заманбап илим-билим мейкиндигинде ɵз ордун тапкан жогорку окуу жайлардын бири. Андыктан койгон максаттарына ийгиликтүү жетишип, дүйнөлүк рейтингде да алдыңкы орундарды багынтарына үмүтүбүз чоң”,- деди Нурланбек Шакиев.

Сөзүнүн соңунда Төрага Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдыңкы окутуучуларына Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

Алсак, Кыргыз улуттук агрардык университетинде азыркы тапта 7 миңден ашуун студент 31 кафедрада, тɵрт колледжде 19 бакалаврдык, 17 магистрдик багыттарда билим алышат. Профессордук – окутуучулук курамы 300 адамды камтыйт, анын ичинде илимдин 34 доктору, 106 кандидаты эмгектенишет.

Связанный пост