Төрага Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту.

 

Жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

 

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргыз Республикасы Беларусь Республикасы менен достук мамилелерди чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп: “Мындан ары да калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, парламенттер аралык байланышты өнүктүрүшүбүз керек. Айрыкча, депутаттык достук топторунун, тармактык комитеттердин ортосундагы кызматташтыкты арттырып, эл аралык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүктү да өрчүтүшүбүз шарт”,– деди.

 

Муну менен катар үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Беларусь Республикасындагы расмий иш сапары ийгиликтүү болгонун айткан Нурланбек Шакиев: “Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын ортосунда Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Бул макулдашуу мамлекеттер аралык байланыштарды тереңдетүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.

 

Андан тышкары, экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылган Төрага: “Беларусь Республикасы Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Андыктан, калыптанган кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн ЕАЭБ алкагында алакаларды арттыруу менен бирге Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүбүз кажет”, – деди.

Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова Бишкек шаарына алгач ирет келип жатканын билдирип, Президент Александр Лукашенконун жолдогон саламын айтты.

 

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз кылган Наталья Кочанова өз ара ишенимге негизделген кызматташтыкты өнүктүрүп, жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу керектигин белгиледи. Айрыкча, жарандар ортосунда тыгыз байланышты камсыздоо үчүн түз аба каттамдарын ачуу зарылчылыгына токтолуп, билим берүү жаатында да кызматташуу артыкчылыкка ээ экенин кошумчалады.

 

Эскерте кетсек, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн келген.

Связанный пост