Төрага Нурланбек Шакиев Базар-Коргон районундагы Жон айылына салынган жаңы мектептин ачылышына катышты

 Төрага Нурланбек Шакиев Базар-Коргон районундагы Жон айылына салынган жаңы мектептин ачылышына катышты

Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районуна барып,  Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылында жайгашкан К.Сооронбаев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Алсак, аталган мектептин мурда колдонулуп жүргөн имаратынын бири 1989-жылы салынса, экинчиси 1997-жылы ишке берилген. 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан мектеп жараксыз абалда экени аныкталып, тиешелүү корутунду чыгарылган. Ага ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен 225 орунга ылайыкталган жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилүүдө.

Ачылыш аземинде жергиликтүү тургундарды, мугалимдерди жана окуучуларды жаңы мектеби менен куттуктаган Төрага Нурланбек Шакиев өлкөдө жасалып жаткан иштерге токтолду.

“Акыркы үч жыл аралыгында мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү социалдык мекемелер арбын курулуп, жолдор жаңыланып, калк турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылууда. Республикалык бюджетибиздин көлөмү үч жыл мурун 240 млрд сомдун тегерегинде гана болсо, кийинки жылдын бюджети 600 млрд сомдон ашаары күтүлүүдө. Андан тышкары, буга чейин өлкө бюджети таңкыстык менен гана бекитилип келсе, кийинки жылдын бюджети 20 млрд сом профицит менен кабыл алынганы турат. Дагы бир тарыхый жагдай биринчи жолу ички дүң продукциябыздын көлөмү 1 трлн сомго чыкты. Бул көрсөткүчтөр туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын, жемкорлукка каршы күчөтүлгөн күрөштүн жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу аракетинин жемиши десек болот”, – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле акыркы үч жыл ичинде 200дөн ашуун мектеп курулганын айткан Төрага: “Анын ичинен быйыл пландалган 100 мектептин ичинен 90дон ашууну пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин калганы да бүткөрүлүп, окуучуларга эшигин ачат”, – деди.

Андан сырткары, айлык маяналар, жөлөк пулдар, пенсиялар да көбөйтүлгөнүн белгилеген Нурланбек Шакиев базар баасын эске алып дагы көтөрүү маселеси каралып жатканын маалымдады.

Салтанаттын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы жаңы мектепке жардам катары 300 миң сомдун сертификатын жана заманбап компьютерлерди тапшырып, агартуучуларды билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чакырды. Муну менен катар окуучулардын жакшы билим алуусунда ата-энелердин да ролу чоң экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Төраганы депутаттар Айбек Алтынбеков, Талайбек Масабиров, Айбек Маткеримов жана тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Связанный пост