Төрага Нурланбек Шакиев баштаган ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилерин Азербайжандын Президенти Илхам Алиев кабыл алды
Бүгүн, 6-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев менен жолугушту.
Жолугушууга ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери да катышты.
Тараптар боордош элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодо парламенттердин ролу тууралуу сүйлөшүп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу маселеси талкууланды.
Эскерте кетсек, ТүркПАнын кезектеги жыйындары быйыл Азербайжанда уюштурулду.