Төрага Нурланбек Шакиев Азербайжандын Милли Межлисинин ишмердүүлүгү менен таанышты
Бүгүн, 4-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Төрайым Сагиба Гафарованын коштоосунда Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Алгач Төрагага жыйындар өтчү залдарды көрсөтүп чыккан Милли Межлистин Төрайымы Сагиба Гафарова өзү жетектеген мыйзам чыгаруу органын иши тууралуу маалымат берди.
Андан соң Нурланбек Шакиев Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырып, анда расмий сапарынын башкы максаты эки өлкөнүн алакасын арттыруу экенин баса белгиледи.