Төрага Нурланбек Шакиев Австрия Республикасына расмий сапар менен жөнөп кетти

Бүгүн, 15-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Австрия Республикасына расмий сапар менен жөнөп кетти.
Расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Ошондой эле Нурланбек Шакиев Австрияда, Чехияда жана Словакияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.
Эскерте кетсек, Төраганы депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Шаирбек Ташиев, Миргүл Темирбаева жана парламенттин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев коштоп кетти.