Төрага Нурланбек Шакиев Астана шаарындагы «Мекен коргоочулар» монументине гүлчамбар койду
Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Казакстан Республикасындагы расмий иш сапары Астана шаарындагы “Мекен коргоочулар” монументине гүлчамбар коюу менен башталды.
Алсак, көп улуттуу Казакстан мамлекетинин биримдигин даңазалаган аталган монумент 2001-жылы ачылган.
Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Сенат Төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен Казакстан Республикасына расмий иш сапары менен барган. Делегациянын курамында депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев бар.