Төрага Марлен Маматалиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды. Жумушчу сапарынын алкагында Манас шаарындагы, Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты.
Белгилей кетсек, жумушчу сапардын жүрүшүндө Төраганы Жогорку Кеңештин депутаттары Кылычбаев Алтынбек, Масабиров Талайбек, Калбердиева Мавлюда, Курманалиева Жылдыз, Салямова Венера, Чолпонбай уулу Бекмырза, ошондой эле тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери коштоп жүрүштү.
Алгач Төрага Манас шаарына караштуу Ладан-Кара айылында бала бакча курууга бөлүнгөн жер тилкесин көрүп чыкты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан калктын санынын өсүшүнө байланыштуу мектепке чейинки билим берүү мекемесине болгон муктаждык жылдан-жылга күчөп жаткандыгы белгиленип, бала бакча куруп берүү өтүнүчү айтылды.
Андан соң Марлен Маматалиев Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Бостон айылында жайгашкан Х.Кенжаев атындагы №30 жалпы билим берүүчү орто мектебинин абалы менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мектеп авариялык абалда экендиги, ага карабай окуучулар үч нөөмөт менен билим алып жаткандыгы айтылып, жаңы окуу корпусун куруу зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле Төрага Көк-Арт айыл аймагындагы Жерге-Тал айылында жайгашкан А.Батыров атындагы айылдык ооруканадан да кабар алып, 1960-жылы курулган медициналык мекеменин материалдык-техникалык абалын жеринде көрдү. Жыйынтыгында талапка жооп бербеген айылдык бейтапкананы жаңылап куруу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, Марлен Маматалиев ошол эле айылда жайгашкан М.Орозалиева атындагы №11 жалпы билим берүүчү орто мектебинин абалы менен таанышты. 1965 жана 1979-жылдары курулган эки корпусу тең капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Бирок жергиликтүү бийликтин мүмкүнчүлүгү жетишсиз болгондуктан, азыркы учурга чейин жаңылоо иштери создугуп келет.
Жумушчу сапардын алкагында Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеп-комплексинин жана анын алдындагы бала бакчанын абалы да каралды. Анда билим берүү мекемесин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана жаңы мектепке чейинки билим берүү жайын куруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан сырткары, Төрага Октябрь айылындагы №21 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын жана И.В.Мичурин атындагы №9 жалпы билим берүүчү орто мектебинин абалы менен таанышты. Айрыкча саламаттык сактоо мекемесинин учурдагы шарты начар экени аныкталып, жаңы имаратка болгон муктаждык белгиленди.
Ошондой эле Жыгач-Коргон айылындагы Эл аралык «Жалал-Абад» аэропортунун курулуш иштерине байланыштуу айланма жол куруу маселеси, Кош-Коргон айылындагы спорт комплексин курууга бөлүнгөн жер тилкеси жана Сай-Коргон айылындагы У.Колдошова атындагы жалпы негизги билим берүүчү мектебинин абалы да каралды.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Марлен Маматалиев аймактарды өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп: «Бир күн ичинде эле 13 объектти кыдырып, андагы көйгөйлөрдү жеринде көрдүк. Айрымдарын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, айрым айылдарга жаңыларын куруу боюнча коштоп келген Министрлер кабинетинин тийиштүү жетекчилерине тапшырмалар берилди. Ал эми биз алардын аткарылышын көзөмөлдөп, өз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде жардам беребиз», – деди.