Төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар көк бөрү жана көкпардын финалдык оюндарына күбө болду
Бүгүн, 6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге күбө болушту.
Финалдык таймаштарда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары күч сынашып, күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан курч жана кызыктуу оюн тартуулашты. Улуттук ат оюндарынын өзгөчө көркүн ачкан мелдештерде спортчулар жогорку чеберчиликти, күчтүү, шамдагайлыкты жана командалык биримдикти көрсөтүштү.
Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командалары көк бөрү жана көкпар боюнча жеңишке жетишип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган көк бөрү жана көкпар мелдештерине Кыргызстандын, АКШнын, Мажарстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Россия Федерациясынын жана Тажикстандын командалары катышты.