Төрага Казакстандын Сенатынын Төрагасына көңүл айтты

 Төрага Казакстандын Сенатынын Төрагасына көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошановго адамдардын өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

 

Анда мындай деп айтылат:

 

“Казакстандын чыгышында катталган өрттүн кесепетинен токой чарбасынын бир топ кызматкерлеринин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен бирге жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм.

 

Сиздердин ушул күндөрдөгү кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана бир тууган казак элине сабырдуулук тилейбиз”.

Связанный пост