Төрага 75 аксакалдын каты парламентке кантип келгенин айтып берди

 Төрага 75 аксакалдын каты парламентке кантип келгенин айтып берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 75 аксакалдын каты парламентке кандай жол менен келгенин айтып берди.

Төрага белгилегендей, бул кат боюнча азыр да коомчулукта суроолор жаралып, айрым адамдар аны түздөн-түз спикерден сурашууда.

“Катты журналисттер депутаттардан сурап, алар менден сурап жатышат. Биринчи эле иш күнүндө биз каттын кайсы жерде экенин иликтей баштаганбыз. Ал дароо Конституциялык комитетке түшүп, кароого жиберилген. Жагдайды түшүнүү максатында ички комиссия түзүлүп, ал каттын бул жака кантип келгени аныкталган. Бүгүнкү күндө анын жыйынтыгы Ички иштер министрлигине берилген, ага карата тергөөлөр жүрүүдө. Чын-чынына келгенде, катты кадимкидей эле күтүп, тосуп алышкан. Кат мурунку төрагага анын кеңешчилери аркылуу тапшырылып, комитетке карап чыгуу үчүн берилген. Учурда тийиштүү тергөөлөр жүрүүдө, ким күнөөлүү же күнөөсүз экенин азырынча айта албайбыз. Биз болгону каттын кандай жол менен келгенин айтып бердик”,-деди төрага.

Связанный пост