Төрөбаев айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды

 Төрөбаев айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды

Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна Торобаев Бакыт Эргешевичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө” токтому эске алынып, Төрөбаев Бакыт Эргешевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды.

Связанный пост