Түшүмдүүлүк өстү: Тоңдо эгин өстүрүүгө жасалма интеллект колдонулду

 Түшүмдүүлүк өстү: Тоңдо эгин өстүрүүгө жасалма интеллект колдонулду

Тоң районундагы Аксай айылында спутниктик маалыматтар жана жасалма интеллекттин жардамы менен жүгөрү жана күн карама өстүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында талаалардын абалы көзөмөлдөнүп, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир эткен факторлор талданууда. Жасалма интеллект аркылуу аймактын климаттык шарттарына окшош жерлер изилденип, түшүмү жогору сорттор тандалган.

Пилоттук талаа эки жолу сугарылып, суунун көлөмү көбөйтүлгөн эмес. Жүгөрү менен күн карама аралаштырылып өстүрүлүп, долбоордун маалыматына ылайык, түшүмдүүлүк 33 пайызга жогорулаган.

Долбоор Кыргыз улуттук университети жана “Кыргызстан спутник” долбоору менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Алынган жыйынтыктардын негизинде тажрыйбаны башка райондорго жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Связанный пост