Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен келди

 Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен келди

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку конокту “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана КРнын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев тосуп алды.

Сапардын алкагында ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Связанный пост