ТҮРКИЯНЫН СЫЙКЫРДУУ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МАРШРУТТАРЫ

ТҮРКИЯНЫН СЫЙКЫРДУУ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МАРШРУТТАРЫ

Стамбул, Каппадокия жана Анталья

 

Сиз 2024-жылдын алгачкы көз ирмемдерин кайсыл жактан өткөрүүнү билбей жатсаңыз, жаңы жылды өзгөчө тосууну кааласаңыз анда Туркиянын эң кооз жана сыйкырдуу жерлерин сизге жана жакындарыңызга сунуштайбыз…

 

Жаңы жылды тарыхый Стамбулда тосуңуз!

Стамбул тарыхый жерлери, көп маданияттуу түзүлүшүн чагылдырган архитектурасы, жандуу маданият жана искусство сахнасы, кайталангыс табиттери жана көп сандаган соода альтернативалары менен дүйнөнүн сөзсүз түрдө барышы керек шаарларынын бири болуп саналат. Аталган шаар Travel + Leisure (T+L) “2024-жылы саякаттоо үчүн эң мыкты 50 жер” тизмесине киргизилип, кийинки жылы сунушталган туристтик жай болуп калды. Стамбул зыяратчыларына миңдеген жылдык тарыхы бар Тарыхый жарым аралдан укмуштуудай Босфор кысыгына чейин, түрк жана дүйнө ашканасынын даамдуу варианттарынан жогорку стандарттуу турак жай сапатына чейин көптөгөн шаар тажрыйбаларын тартуулайт. Ошондой эле, кыш айларында, декабрь айында да бул шаарда күн чайыттай ачык болот. Шаардын өзгөчө шаңдуу, жандуу көчөлөрүндө, түстөрдүн жана жыттардын арасында өзүңүздү жомоктогудай сезүүңүз да мүмкүн. Мындан тышкары, Стамбул түндөрүндө кызыктуу көз ирмемдерди баштан өткөрө аласыз. Маселен, барлардан джаз клубдарына чейин, тамактануу жана көңүл ачууну сунуштаган ресторандардан салттуу түрк таверналарына чейин, ар түрдүү оюн-зоок сахнасын өзгөчө жана уникалдуу изилдөөгө мүмкүнчүлүк аласыз.

 

Кападокия: жаңы жыл жомоктор өлкөсүндөгү үңкүр мейманканаларында

Түркиянын жана дүйнөнүн эң кооз пейзаждарынын бири болгон Кападокия Жаңы жылды өзгөчө тосууга ылайыктуу болгон эң кооз жерлердин бири. Пери моруларынын уникалдуу түзүлүштөрү, ондогон метрге созулган туннелдери бар укмуштуудай жер астындагы шаарлар, ташка чегилген үйлөр, чиркөөлөр жана монастырлар, ысык аба шарлары менен саякаттоонун укмуштуу тажрыйбасы жана сиз кала турган фантастикалык үңкүр мейманканалары ар бир адамдын купулуна толот. Кападокия Түркиянын эң популярдуу кышкы эс алуучу багыттарынын бири болуп, люкс турак жайлардан түрк ашканасынын эң мыкты үлгүлөрүн көрсөткөн жогорку сапаттагы ресторандарга чейин көптөгөн тажрыйбага ээ. Аны менен катар, Кападокияда сиз күнүңүздү заманбап шарттар менен жабдылган люкс үңкүр мейманканаларындагы SPAда эң сонун массаж менен баштасаңыз болот. Ошондой эле, жакындарыңыз менен каминдин жанында шараптын даамдуу түрлөрүн ичип, ысык аба шарында асмандан туруп, укмуштуу пейзаждан ырахат алуу мүмкүнчүлүгү бар…

 

Анталия: жаңы жыл жер ортолук деңизинин астында

Түрк Ривьерасынын жүрөгү Анталия күнөстүү, жумшак Жер Ортолук деңизинин кышы менен декабрь айында да жылуу аба ырайынан ырахат ала турган түбөлүктүү шаар. Бул жайкы гана эмес, жыл бою зыяратчылар барган жер. Үй-бүлөлүк жана жеке эс алуу үчүн идеалдуу шаар болуп саналат. Маселен, жаңы жылды жылуу жана күнөстүү атмосферада өткөрүүнү каалагандар үчүн сүйүктүү жерлердин сап башында турат. Узун пляждар, байыркы шаарлар, анын керемет тарыхын чагылдырган музейлер жана Жер Ортолук деңиз даамдары менен курчалган Анталия укмуштуудай пейзаждардын арасында “жакшы жашоонун” даамын тата турган уникалдуу жер. Бардык ыңгайлуулуктар менен жабдылган люкс конокторду сезе ала турган Анталияда кечки тамак жана оюн-зоок менен мейманканалардын жаңы жылдык иш-чараларына катыша аласыз. Бул кереметтүү шаарды эртеси Жер Ортолук деңизинин астында изилдөөгө да шарттар түзүлгөн. Эң башкысы Жаңы жылда Анталияда болсоңуз, Санта Клаус туулуп өскөн жана легендарлуу болуп калган жерлерди зыярат кылуу үчүн геологиялык чалгындоо тизмеңизге Патара менен Демрени да кошуп алууну унутпаңыз! Жаңы жылды Туркияда жакындарыңыз менен романтикалуу тосуңуз!!!

Связанный пост