Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Бул ыйык майрам ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка биримдик жана бейпилдик алып келсин. Биздин тилектештигибиз бекемделе берсин.
Өз элимдин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми дос жана боордош кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.