Түркияда 150 кыргызстандык акысыз дарыланат
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жолугушууда тараптар Түркияда акысыз дарылануу, медициналык инфраструктура, кадрларды окутуу жана фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Министр түрк тарапка көрсөтүлүп жаткан колдоо жана медициналык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Түркия менен болгон эки тараптуу өз ара аракеттенүү стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгиледи.
“Түркия — биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз. Биз акысыз дарылануу, кадрларды даярдоо жана биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Учурда өлкөдө медициналык инфраструктураны модернизациялоо иштери жүрүүдө жана биз заманбап технологияларга ачыкпыз”, — деди Досмамбетов.
Түркиянын элчиси кызматташтыкты улантууга даярдыгын билдирди. Бул багытта органдарды трансплантациялоо, адистерди Түркияда окутуу, фармацевтикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана дарылануу үчүн квоталарды натыйжалуу пайдалануу маселелери каралат.
Талкуунун жыйынтыгында тараптар кыргызстандык жарандарды Түркияга дарыланууга жөнөтүү боюнча иштерди активдештирүүгө макулдашты. Жыл сайын берилүүчү 150 акысыз квотанын натыйжалуу пайдаланылышы камсыздалат, анын ичинен 100 квота Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу, 50 квота Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу түзүлөт.