Түрк маданияты жана мурасы фонду Кыргызстандын демилгелерин илгерилетүүгө даяр

 Түрк маданияты жана мурасы фонду Кыргызстандын демилгелерин илгерилетүүгө даяр

Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулованын жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө фонд менен өз ара аракеттенүү маселелери, анын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле жакынкы келечектеги иш-чаралар планы талкууланды.

Кыргыз тарап демилгелеген жана фонд менен биргеликте ишке ашыруу пландалган долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Медер Абакиров ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Красная-Речка конушундагы музейлештирүү зонасын кеңейтүү долбоорунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы Көчмөндөр цивилизациясынын музейинде Махмуд Кашгаринин “Дивани лугат ат-түрк” аттуу туруктуу көргөзмөсүн ачуу демилгесин кубаттады.

Өз кезегинде фонддун президенти учурдагы иш-чаралар жана пландар тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын долбоорлорун мындан ары да илгерилетүүгө даяр экендигин ырастады.

Связанный пост