Түрк дүйнөсү этнокулинария фестивалында достук жеңди
Супара: Түрк дүйнөсү этнокулинария фестивалынын жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Венгрия, Македония өлкөлөрүнүн курамы 3 адамдан турган ашпозчулар тайпасы өз ордолорунун дасторконуна “Салттуу тамак – аштарын коюшту. Ага:
1. Эт азыктарынан тамак – аш
2. Сут азаыктарынан тамак – аш
3. Дана азыктары, жашылча жана жер-жемиштеринен даярдалган
тамак – аш
4. Улуттук суусундуктар кирди.
Андан сон калыстар тобу тарабынан “Табышмактуу супара” тамак таймашы жарыяланып, 10 мүнөттүн ичинде ар бир улут өзүнүн улутук тамагын жасап таймашышты.
Биринчи эл аралык этно-фестивалдын катышуучулары:
Түркия: Гюрбуз Серажиддин- шеф повар;
Азербайжан: Тахир Амирасланов- Евразия поварлар ассоциациясынын, бүткүл дүйнөлүк Ислам кулинарлар ассоциациясынын президенти, Якшиханым Алиева- шеф-повар, Бахишов Роял Захир Оглы- повар;
Өзбекстан: Абдуложжон Пулатов -жетекчиси, Эркин Нишонов-повар, Шерзод Хасанов-повар;
Македония:Бекири Мехемеддин-шеф повар;
Венгрия:Прохапка Белла Тибор-шеф-повар;
Казакстан:Жунисхан Ермухан-жетекчиси, Елубай Зейнелкабыл-шеф-повар, Сыдык Рахмет-повар.
Кыргызстан-Данияр Молдокулов-шеф повар.
Жыйынтыгында бардык катышуучуучуларга бирдей балл коюлуп, достук жеңди.
Казакстандын ашпозчулары тапшырманы 4 мүнөттүн ичинде аткарганы үчүн калыстар тобу тарабынан мактоого арзышты.
Бул иш-чараны кийинки жылы өткөрүү эстафетасы Өзбекстанга берилди.
Жалпы келген көрүүчүлөргө ар кайсы аянтта ар кандай улуттук оюндар, этнобазар ж.б. программалар тартууланды.