Түптө селдин кесепетин жоюуга 103 куткаруучу тартылды

 Түптө селдин кесепетин жоюуга 103 куткаруучу тартылды

Ысык-Көлдүн Түп районундагы Каркыра айыл аймагынын Талды-Суу айылында 28, Корумду айылында 40тан ашык, Көөчү айылында 24, жалпысынан алганда болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптаган.

Бүгүн, 8-августта аталган айылдарга күч-каражаттар тартылып, тактоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине чыгышты. Алсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу район-шаар бөлүмдөрүнөн 103 куткаруучу иштешүүдө. Ошондой эле техникалык иштерди аткарууга 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 3 ХОВО, 2 АКУ, мотопомпалар тартылган.

Таң эрте куткаруучулар 5 топко болунуп башкармалыктын башчысы полковник М. Карабаев жетекчилиги менен үймө-үй кыдырып, чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле куткаруучулар тарабынан турак үйлөрдүн короо-жайлары тазаланууда.

Мындан сырткары Каркыра айыл аймагынан 40, Түп ИИБден 20 райондук администрациясынан 5 адам чыкты.

Белгилей кетсек, 7-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган сел суулары жогоруда аталган айылдарды каптаган. Мындан улам жеринде ӨКМдин куткаруучулары иш алып барышты.

Связанный пост