Түп районунда логистикалык борбор курулат

 Түп районунда логистикалык борбор курулат

Түп районунда логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

 

Россия Федерациясынын Казань шаарында өткөн “Орусия – Ислам дүйнөсү: KazanForum” эл аралык экономикалык форумунунун жүрүшүндө, Ирандык “Noor Business”, Россиялык “Түндүк-Түштүк” Каспий эл аралык интеграциялык клубу жана Кыргызстандын “Брикс Логистик” компаниялары ортосунда өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча үч тараптуу меморандум түзүлдү. Бул маалыматты “Каркыра” тоо-лыжа комплексинин жетекчиси жана «Брикс Логистик» ЖЧКсынын өкүлү Константин Куценко тастыктады.

Анын айтымында, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында да, эл аралык аренада да негизги өнөктөш болуп, дүйнөлүк логистикадагы ролун жогорулатууда. Өлкө ар кандай соода жолдорун, анын ичинде Кытай менен байланышты бириктирген транспорттук көпүрөгө айланууда. Ошондой эле К. Куценко Кыргызстанда логистика бир орунда турбай активдуу өнугуп жаткандыгын белгиледи.

Связанный пост