Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун ачылышы кийинки жылга жылдырылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун ачылышы 2026-жылга жылдырылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган жолго кошумча 2 галерея жана 3 эстакадалык көпүрө курулат. Мындай чечим жолдун кооптуу тилкелерине жүргүзүлгөн көп жылдык (курулуш иштери башталгандан бери) илимий байкоолордун жыйынтыгы менен кабыл алынды.

Жумуштар жолдун 331+924, 338+410-чакырымдарында жүрүп, анда чоң көлөмдө түшө турган кар көчкүдөн коргоочу 2 галерея курулат. Ошондой эле, 332+656, 339+185, 339+907-чакырымдарында кар, сел жүрүүчү сайлардын үстүнөн өткөн 3 эстакадалык көпүрө куруу зарылчылыгы аныкталгандыктан, кошумча жумуштар аткарууга алынды.

Мындан тышкары, аталган долбоордун алкагында Барпы айылынан тарта Сафаровка айылына чейин 25 км айланма жолду куруу пландалууда.

Жогоруда аталган жумуштар болжол менен 2025-2026-жылдын курулуш мезгилинде аткарылат. Мындан улам Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун ачылыш аземин 2025-жылдын май айында өткөрүү планы кийинки жылга жылдырылды.

Маалымат үчүн: Өлкөнүн түндүк жана түштүгүн бириктирип, стратегиялык мааниге ээ болгон альтернативдүү автожолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 200гө жакын чакырымы мурда жол жок жерлерге салынган. Ошондой эле, Көк-Арт ашуусунда Кыргызстандагы эң узун тоннель курулуп, эки эстакадалык көпүрө салынган. Жол пайдаланууга берилгенден кийин Жалал-Абаддан Балыкчыга чейин 6 саатта (учурда жолдун убактысы 13 саат) барууга мүмкүн болот.

Связанный пост