Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Арал – Казарман тилкесинде таш кулады. Жол убактылуу жабык

 Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Арал – Казарман тилкесинде таш кулады. Жол убактылуу жабык

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман тилкесинде эки жерден таш кулап, жол убактылуу жабылды.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Арал – Казарман тилкесинин 270-271-чакырым аралыгына жаандан улам тоо бетинен таштар кулап, жолду жаап калган. Жолго түшкөн таштын көлөмү болжол менен 3 миң куб метрди түздү.

 

Ошондой эле Арал – Казарман участогунун 243-296-чакырым аралыгында дагы таш көчкү түшүп, автожол убактылуу жабык. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Жолдун ачылышы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Связанный пост