«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери дээрлик 60 тонна контрабандалык помидорлорду кармашты

Түндүк-Чыгыш бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарын бузууну аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган бажы көзөмөлүнүн алкагында (жаңы помидорлорду жалпы салмагы 40 000 кг.) товарды бара турган бажы органына жеткирбөө фактысы аныкталган. Жүк Түркмөнстан Республикасынан «С.у.К.» ЖИнин дарегине жөнөтүлгөн.
Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 632 732 сомду түзгөн.
Мындан тышкары, «Түндүк-Чыгыш» бажысы товарларды декларациялабоо фактысын аныктаган.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын февраль айында «В.Г.» ЖЧКнын дарегине КР жараны «А.Э.» башкаруусунда «Scania» үлгүсүндөгү унаа менен Түркмөнстан Республикасынан ЕАЭБдеги Кыргыз Республикасынын бажы аймагына жалпы салмагы 19 600 кг, баасы 15 660 АКШ доллардагы жаңы помидор товары келгени аныкталган.
2023-жылдын 30-июнуна карата төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн наркы 316 733 сомду түзгөн (айыппулдарды эсепке албаганда).
Фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост