Түркияда тик учак кырсыгынан каза тапкандардын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди

Министрлик Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте Измир провинциясынын Мендерес аймагында тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөктөрүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыкты.
2023-жылдын 20-сентябрында каза болгондордун сөөктөрү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди.