Сузакта жабыркаган балдардын абалдары жакшырууда

 Сузакта жабыркаган балдардын абалдары жакшырууда

Сузакта жабыркаган абалдары жакшырууда. Бул тууралуу Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.
Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган.
2024-жылдын 6-Майына карата кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган төрт баланын үчөөнө жогорку квалификациялуу адистер тарабынан операция жасалып ийгиликтүү өткөн, бүгүнкү күндө абалы туруктуу жакшырып калгандыктан травматология бөлүмүнө которулду. Ал эми ошол эле бөлүмдө дарыланып жаткан алты баланын абалы жакшы деп бааланат.
Бут-сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага кийинки жуманын шаршемби күнүнө операция жасоо пландалууда.
Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

Эскерте кетсек, Сузак районунда манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынак учурунда токтоп турган унаа ордунан жылып кетип, балдарды тебелеп кеткен. Натыйжада 9 жаштан 16 жашка чейинки 32 бала жабыркап, 18и ооруканага жаткырылган.

Связанный пост