Сузакта “Р-1” каналын бетондоо иштери аяктап, ишке берилди

 Сузакта “Р-1” каналын бетондоо иштери аяктап, ишке берилди

Сузак районунда “Р-1” каналын бетондоо иштери аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, реконструкцияланган тилкенин жалпы узундугу 1850 метрди түздү. Иш 2024-жылдын сентябрында башталып, белгиленген мөөнөттө ийгиликтүү аяктаган. Учурда канал аркылуу дыйкандарга сугат суу берилип жатат.

“Р-1” каналы айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Ал 2800 гектар жерди сугат суу менен камсыздайт, бул региондогу айыл чарба өндүрүшүнүн түшүмдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатат.

Аталган иштер суу пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, суунун коромжулугун азайтууга жана Сузак районунун агрардык секторун туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

Связанный пост