Сузакта күрүчтүн түшүмдүүлүгү гектарынан 60 центнерге чейин жетери күтүлүүдө

 Сузакта күрүчтүн түшүмдүүлүгү гектарынан 60 центнерге чейин жетери күтүлүүдө

Быйыл Сузак районунда күрүчтүн түшүмү гектарынан 60 центнерге (6 тонна) чейин жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондо жалпы 3 326 гектар аянтка күрүч эгилген. Учурда түшүм жыйноо жумуштары башталды. Райондогу дыйкандар өткөн жылы орто эсеп менен гектарынан 50 центнерден түшүм алышкан болсо, быйыл түшүмдүүлүк 60 центнерге чейин жетери күтүлүүдө.

Күрүч оруп-жыйноо иштерине 46 комбайн каралган, анын ичинен 42си толук ишке даяр. Бул техника райондогу дыйкандарга түшүмдү өз убагында жана сапаттуу жыйнап алууга жардам бермекчи.

Учурда Садда жана Камыш-Башы айылдарында күрүч жыйноо кызуу жүрүп жатат. Калган айыл аймактарда оруу иштери аба ырайына жана өсүмдүктүн бышуусуна жараша улантылат.

Сузак району Кыргызстандын күрүч өндүрүүчү негизги аймактарынын бири болуп саналат. Айыл чарбасындагы бул багыт жергиликтүү дыйкандардын киреше булагын гана камсыз кылбастан, район экономикасынын өсүшүнө да салым кошууда. Быйыл түшүмдүүлүктүн жогорулашы дыйкандарга кошумча киреше алып келип, ички рыноктогу күрүчтүн көлөмүн көбөйтөт деп күтүлүүдө.

Райондук агрардык тармактын өкүлдөрү белгилегендей, соңку жылдары жер семирткичтерди туура колдонуу, агротехникалык эрежелерди сактоо жана заманбап айыл чарба техникаларын пайдалануу дыйкандардын түшүмүн арттырууга өбөлгө түзүп жатат.

Связанный пост