Аксыда дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 56 турак үйдүн жашоочулары эвакуацияланууда

 Аксыда дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 56 турак үйдүн жашоочулары эвакуацияланууда

Сузакта Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, жакын жашаган тургундар эвакуацияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 15:30дар чамасында Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагына кыска мөөнөттө жааган жамгырдан Кезарт сел каналынан суулар ашып, Кара-Суу дарыясына толуп, жакын жайгашкан 56 турак үйгө суу каптоо коркунучун жараткан.

 

Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, Жарандык коргоонуу кызматтары тартылып, Ири-Булун жана Кара-Суу айылында жайгашкан 56 турак үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоо иштерин жүргүзүшүүдө.

 

Мындан сырткары, жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын оор инженердик техникасын тартуу менен дарыядагы топтолгон сууну ачуу аракеттерин көрүшүүдө.

 

Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост