Сузак районунда 375 орундуу мектептин курулушу аяктады

Сузак районунда Арзыкулов атындагы №52 мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим уясы 1-сентябрда пайдаланууга берилет.

Имарат 375 орунга ылайыкталган. Курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Мектеп үч блоктон: эки кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана өтмө галереядан турат. Долбоорго ылайык, китепкана, лаборатория, жыйындар залы, компьютердик класс, кыздар жана балдар үчүн өзүнчө эмгек класстары каралган.

Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Связанный пост