Суу ресурстары кызматына 115 атайын техника алынат

 Суу ресурстары кызматына 115 атайын техника алынат

КР МК №723-р 2023-жылдын 24-ноябрындагы буйругуна ылайык, суу ресурстарын тейлөө үчүн атайын техниканы сатып алууга сметада 2024-жылга 3112-берене боюнча 366,7 млн сом каралган.

Атайын техникаларды сатып алууга каралган жалпы сумма 1 млрд сомду түзөт.

Бүгүнкү күндө “Xiamen Jiasheng Engineering Machinery” ЖЧКсы менен 999 000 000 сом суммасында келишим түзүлдү. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча каралган 200,0 млн сом каржыланды.

• 2023-жылга-200,0 млн сом;

• 2024-жылга – 366,7 млн сом;

• 2025,2026 – жыл-433,3 млн сом.

Техниканын түрлөрү:

1. Алдыңкы жүктөгүчтөр-10 бирдик;

2. Экскаватор-49 бирдик;

3. Трактор-тралл-8 бирдик;

4. Автокран-2 бирдик;

5. Бульдозер жөрмөлөгүч – 4 бирдик;

6. Манипулятор-14 бирдик;

7. Грейдер-1 бирдик;

8. Бетон аралаштыргыч-8 бирдик;

9. Дренаждык машина-2 бирдик;

10. Микроавтобус-5бирд;

11. Автобус-1 бирдик.

Бардыгы болуп 104 техника бар.

Мындан тышкары, 2023-жылы саркынды сууларды чыгарууга 199,4 млн сом суммасында каражат каржыланган. ЖЧК ” Xiamen Jiasheng Engineering Machinery” менен 195 360 000 сом суммасына түзүлгөн келишимдин негизинде.

Техниканын түрлөрү:

1. Экскаватор, катер, шланга 1500м – 2 бирдик;

2. Өзү жүрүүчү экскаватор-6 бирдик;

3. Трактор-тралл-2 бирдик;

4. Автокран – 1 бирдик.

Бардыгы болуп 11 техника бар.

Связанный пост