Сулайман- Тоонун буфердик аймагын сактоону жана туура пайдаланууну камсыз кылуу жумуштары күчөтүлөт

 Сулайман- Тоонун буфердик аймагын сактоону жана туура пайдаланууну камсыз кылуу жумуштары күчөтүлөт

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген “Сулайман Тоонун”маселелери талкууланды.

Талкуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, “Кыргызреставрация” илимий- изилдөө долбоорлоо институтунун директору Мукталы Бектенелиев, Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келген Казань Федералдык Университенин Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тарых институтунун илимий иштер боюнча директору, ЮНЕСКО кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору Рафаэль Валеев, Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тарых институтунун директору, Татарстан Республикасынын илим жана техника тармагынын мамлекеттик сыйлыгынын лаурэаты Рамиль Хайрутдинов жана башка тиешелүү адистер менен болду.

Анда тараптар Татарстандын дүйнөлүк мурастар обьекттерин номинациясын иштеп чыгуу жана баалоо таасирлериндеги тажрыйбалар жана механизмдерди бирге талкуулады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кыргызстандагы тарыхый-маданий эстеликтерди реставрациялоо жана сактоо боюнча жасалып жаткан кадамдар айтылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин тарабынан Кыргызстандын тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону, изилдөөнү камсыз кылууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө Жарлык чыккандыгы, Кыргызстандын эли үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга көрүлүп жаткан иштер жана ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген “Сулайман Тоонун” айланасындагы маселелер айтылды.

Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген эстеликтерди сактоо жана аны коргоо маанилүү экендигин эске алуу менен бир айлык мөөнөттө “Сулайман Тоо” жана аны курчаган аймагындагы маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Ош шаардык мэриясынын, тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык координациялык комитет түзүүнү, “Сулайман Тоо” дүйнөлүк мурасын коплекстүү башкарунун планын иштеп чыгуу, тасирленүүнү баалоо планын иштеп чыгуу иштерине тажрыйбасы бар эл аралык эксперттерди ишке тартуу чечими кабыл алынды.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жарлыктын максаты Кыргызстандын эли үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону жана ар тараптуу натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.

Ордолуу Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоодо 400дөн ашуун петроглифтер, орто кылымдагы мончонун калдыктары жана Абдуллахандын мечити орун алган. Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОго Борбор Азиядагы ыйык тоонун эң мыкты үлгүсү катары кирген.

Связанный пост