Сулайман-Тоодогу туристтик жолдор менен Үӊкүр музейи убактылуу жабылды
Сулайман-Тоодогу туристтик жолдор менен Үӊкүр музейи убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясын басма сөз кызматы маалымдады.
КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин (ӨКМ) адистери тарабынан Сулайман-Тоонун кооптуу аймактарына мониторинг иштери жүргүзүлүп, таш кулап түшүү кооптуулугу бар аймактар аныкталды.
Бул кырдаалга байланыштуу, жарандардын коопсуздугу үчүн тоодогу туристтик жолдор жана Үӊкүр музейи коопсуз абал түзүлгөнгө чейин убактылуу жабылды.
Учурда музей комплекси тарабынан жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган чаралар көрүлүүдө.