Сулайман-Тоо музейи реконструкцияланат
Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туризмди өнүктүрүүгө багытталган ири реконструкция иштери жүргүзүлөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, музей Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан “Регионалдык экономикалык өнүгүү” долбоорунун алкагында реконструкцияланат. Ага жалпысынан 12 млн доллардын тегерегинде каражат бөлүнүүдө.
Бүгүнкү күндө долбоордун илимий концепциясын жана долбоордук-сметалык документациясын даярдоо иштери акыркы баскычка жетти. Бул иштердин негизинде Сулайман-Тоонун бир катар тарыхый жана маданий жайларында жаңылануу жүрөт.
Сулайман-Тоо – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген, өзгөчө коруктагы аймак болгондуктан реконструкция иштеринде тарыхый жана маданий мурастарды сактап калууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир архитектуралык жана курулуштук чечим эл аралык эксперттердин катышуусу жана макулдугу менен кабыл алынып жатат.