Сугат мезгилине карата даярдыктар жүргүзүлүүдө

 Сугат мезгилине карата даярдыктар жүргүзүлүүдө

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы алдыдагы сугат мезгилине карата борбор калааны көрктөндүрүү иштерин күчөттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы шаардын Гагарин, Абдрахманов, Горький, Москва, Калинин көчөлөрүндө ирригацияларды тазалоо иштерин кызуу жүргүзүүдө.

Буга чейин жашылчарбачылар Аалы Токомбаев, Айтиев, Абдрахманов-Пушкин, Жибек-Жолу, Тоголок-Молдо, Үсөнбаев көчөлөрүн жана Тынчтык проспектисин тазалашкан.

Связанный пост