Быйыл өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсепке 100,0 млн сом каралууда

 Быйыл өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсепке 100,0 млн сом каралууда

«Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик программалар, иш-чаралар, өзгөчө кырдаалдарды алдың алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсепке 100,0 млн сом каралууда.

Кошумча каралган каражаттар

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 83-т Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган участокторун сууга чөмүлдүрүүчү текшерүү жана суу алдында тазалоо боюнча иш-чараларын жүргүзүүгө болжол менен 21,0 млн сом каралган. Каражат иш жүзүндөгү эсептөөлөрдүн негизинде жана Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде бөлүнөт;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-февралындагы № 50-т менен Түркия Республикасына гуманитардык жардамды жеткирүү, ошондой эле КР ӨКМнин кыйроодон куткаруучу курама командасын чыңдоого жана башка зарыл жумуштарына 36,7 млн сом каралган. Каражат иш жүзүндөгү эсептөөлөрдүн негизинде жана Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде бөлүнөт;

– 50-издөө-куткаруу отрядын (тепловизор, радар, акустикалык прибор, прожектор, жылыткыч, жарык мунарасы ж.б.) кийим-кече менен жабдуу боюнча 35,2 млн сом каралып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоору келип түшкөн. Долбоор жактырылган.

Кар көчкү жүргөн аймактарда изилдөө иштерин жүргүзүү жана кесепеттерин жоюу үчүн КР ӨКМне 6,7 млн сом өлчөмүндө каражат эсеби ачылган.

Жээктерди бекемдөө жана селден алдың алууга

Жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүүгө жана дамбалардын селден коргоочу курулмаларын коргоого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 3111-беренеси «Имараттар жана курулмалар» боюнча чыгымдар сметасында 198,5 млн.сом суммасында каражат каралган.

Связанный пост