Кыргызстандан 50 студент Германиянын Саксония федералдык округуна үч жылдык окууга кабыл алынат

 Кыргызстандан 50 студент Германиянын Саксония федералдык округуна үч жылдык окууга кабыл алынат

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Бавария Федералдык аймагынын Кам районунун административдик башчысы Франц Лёффлер жана Швандорфдогу Иш менен камсыз кылуу агенттигинин башчысы Зигфрид Боймлер менен жолугушту. Жолугушуу Кыргызстан менен Бавария Федералдык аймагынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселелерин такуулоо максатында өттү.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстандын орто техникалык окуу жайларынын базасында германиялык окуу программасы боюнча квалификациялуу адистерди даярдоонун жана аларды Германияда стажировкадан өткөрүүнүн маанилүү экендигин белгиледи.

Ф.Лёффлер Германияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилеп, Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди. З.Боймлер Кыргызстандан 2023-жылдын сентябрь айында үч жылдык орто техникалык билим алуу жана андан ары ишке орношуу үчүн биринчи студенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берди. Бул кызматташуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Эмгекке орноштуруу Федералдык агенттигинин ортосунда 2022-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Меморандумдун негизинде ишке ашып жатат.

Бул Меморандумга ылайык, быйыл Кыргызстандан 50 студент Германиянын Саксония федералдык округуна үч жылдык окууга кабыл алынат.

Маалымат үчүн: Бавария Федералдык аймагы Германиянын маанилүү жана экономикалык жактан өнүккөн Федералдык аймактарынын бири. Баварияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинин деңгээли өлкөнүн 16 Федералдык аймагынын ичинен эң жогорку кɵрсɵткʏчкɵ ээ жана 45,9%ды түзөт.

Связанный пост