Соттолгон Даниэл Ажиевдин жубайына батир жана унаа берилди
Соттолгон Даниэл Ажиевдин жубайы Наргиза Ажиевага батир жана унаа берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Батир жана унааны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.
Наргиза Ажиева буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Кыргызстандын президентинин дарегине жолдонгон видео кайрылуусунда, мамлекет тарабынан конфискацияланган турак-жайлардын бирин жашоосу үчүн өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган.
Турмуштук оор кырдаалын, ошондой эле Н.Ажиеванын оор дартка чалдыккан баласы бар экенин эске алып, ага мурда конфискацияланган батир жана жаңы автоунаа тапшырылды.
Белгилей кетсек, өлкө мыйзамдарына каршы келген “веб-кам” аталышындагы студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн соттун чечими менен Даниэл Ажиевдин мүлктөрүнө камак салынып, андан ары конфискацияланып мамлекеттин балансына алынган. Конфискацияланган мүлктөрдүн жалпы наркы 262 млн сомду түзгөн.