Соода түйүндөрүнө рейддер өткөрүлдү

Октябрь районунда белгиленген  чегинен чыгып кеткен субъектилерди аныктоо боюнча текшерүү жүрүп жатат.

Октябрь администрациясы жооптуу кызматтар менен биргеликте муниципалдык жерлердин эсебинен иш алып барып жаткан, чектерин  кеңейтип алган жеке субъектилерге рейддерди өткөрүүдө.

Жумушчу топтор тарабынан жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында 123 объект текшерилип, 68 билдирүү берилген, 46сы демонтаждалып, 11 объектинин документтери мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында 34 объект демонтаждалды.

Связанный пост