Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев өз арызы менен кызматтан кетти
КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирет.
Маалыматка ылайык, ушул жылы 17-ноябрда КР СӨПтүн кеңешинин кезектеги отуруму өтүп, анда учурдагы маселелер жана палатынын президенти Марат Шаршекеевдин өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө 15-ноябрда жазган арызы каралды.
“Буга байланыштуу кеңештин чечими менен СӨПнүн XI кезексиз съезди 2022-жылы 19-декабрына дайындалды. Анда СӨПнүн жаңы президенти шайланат. Талапкерлер үчүн арыздын формасы жана талаптар www.cci.kg расмий сайтында жеткиликтүү”, – деп айтылат маалыматта.