Сокулуктагы борбордук стадионду куруу иштери аяктады

Сокулуктагы борбордук стадионду реконструкциялоо жана куруу иштери аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, стадиондун реконструкциялоо жана курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталган.

Долбоорго ылайык, эл аралык талапка жооп берген, 2000ден ашык көрүүчүгө ылайыкталган стадион жана заманбап спорт комплекс курулду.

Бүгүнкү күндө объект толугу менен бүткөрүлүп, ачылыш аземине даяр.

Связанный пост