Сокулукта турак үйдө чыккан өрттүн кесепетинен 8 жаштагы бала каза тапты

 Сокулукта турак үйдө чыккан өрттүн кесепетинен 8 жаштагы бала каза тапты
Бүгүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылынын Кайназарова көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 06:10до Сокулук райондук №23 ӨКБдан жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 09:59да толук өчүрүлгөн.
Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган М.Н. аттуу бала каза тапкан.

Связанный пост