Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары блогер жана эки жергиликтүү жаран кармалды

2023-жылдын 14-июль күнү саат 20:30 убакытта Сокулук районуна караштуу Селекция айылында, “түштүк магистраль” автоунаа өтүүчү жолду жоон топ адамдар тосуп алып, автоунаалар өтө албай калгандыгы жөнүндө Сокулук РИИБтин нөөмөт бөлүмүнө маалым болгон.

Сокулук РИИБтин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, жүздөн ашык жаран жолду тосуп автоунааларды өткөзбөй жатканы такталып, ал жарандар Селекционное айылынын тургундары экендиги жана таза суу маселесин чечүү үчүн жолду тосуп алгандары аныкталган.

Жолду тоскон жарандар менен КР ИИМдин жетекчиликтен жоопту, Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБтин жетекчилиги өздүк курам менен, Сокулук районунун акими жана Бишкек шаарынын суу чарбасынын башчысы келип түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок ал жарандар милиция кызматкерлери тарапка таш ыргытып, баш ийбей жолду тосууну улантышкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен автоунаа өтүүчү жол 15 июльда түнкү саат 02:00 убакытта ачылып, чогулган эл тараган.

Аталган окуя боюнча маалымат Сокулук РИИБтин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө кийинки жагдай такталган.

Селекционное айылынын “Сары-Өзөн” аттуу жаңы конуштун тургундары ар кандай маселелерди талкулоо жана чечүү үчүн түзүлгөн “Ватсапп” группасы аркылуу, акыркы учурда көйгөйлүү болгон суу маселесин дагы талкуулап келишкен. Ал “Ватсапп” граппага ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер “Э.И.” кошулуп, суу маселеси боюнча болуп жаткан талкууга катышып, жергиликтүү тургундарды радикалдуу кыймыл аракет жасабаса суу маселеси чечилбесин баса белгилеп “жолду жабуу” керектигин айткан жана ал өзү өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөөрүн айтып, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды.

Текшерүү учурунда Селекция айылындагы автоунаа жолун жабуу, бул атайын уюштурулган жана ишке ашырылган иш-чара экендиги такталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сокулук РИИБтин Тергөө кызматы тарабынан аталган окуяда Кыргыз Республикасынын КЖКнин 279-беренесинде (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) жана 280-беренесинде (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери бар экендиги такталып 2023-жылдын 15-июль күнү кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 279-беренесинде (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Э.И. кармалып, КР ЖПКнин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ал эми Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-беренесинде (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. кармалып КР ЖПКнин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.

Связанный пост