Күрөш боюнча Эл аралык рейтингдик мелдеш: Айсулуу Тыныбекова алтын медаль жеңди

 Күрөш боюнча Эл аралык рейтингдик мелдеш: Айсулуу Тыныбекова алтын медаль жеңди

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан рейтингдик турнирде 62 килограммга чейинки салмак категориясында алтын медалдын ээси болду.

Спортчу 1/16 финалдан баштап, германиялык балбанды 2:0 эсебинде жеңип, кийинки беттешинде венгриялык спортчуну 10:0 ири эсебинде жеңди. Чейрек финалда орусиялык балбанды 6:1 эсебинде жеңсе, жарым финалда бразилиялык спортчуну 5:2 эсебинде женген.

Ал эми финалдык беттеште болгариялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 1 орунду камсыздай алды.

Связанный пост