Социалдык контракт: Сегиз айда программага катышуу үчүн 8 899 арыз түшкөн

 Социалдык контракт: Сегиз айда программага катышуу үчүн 8 899 арыз түшкөн

2025-жылы жарандар “Социалдык контракт” программасына катышуу үчүн 8 899 арыз берген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул жылга 13 333 катышуучуга квота белгиленген.

Арыздарды кароонун жыйынтыгында аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр менен 8087 социалдык контракт түзүлдү. Аялдардын активдүү катышуусу өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Алсак, катышуучулардын жалпы санынан 7126сы – аялдар.

Түзүлгөн социалдык контракттын багыттарын карасак, айыл чарбасы эң чоң кызыгууну көрсөттү – 6067 долбоор. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө- 712 долбоор, өндүрүштө – 600, соода-сатык тармагында – 467 долбоор.

“Социалдык контракт” программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, алардын экономикалык активдүүлүгүн стимулдаштырууга жана туруктуу киреше булактарын түзүүгө багытталган. Социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөр өз ишин ачуу же өнүктүрүү үчүн каржылык жардам алышат, бул өз алдынча иш менен камсыз болуунун өсүшүнө жана калктын жыргалчылыгынын жакшырышына өбөлгө түзөт.

Связанный пост