Социалдык фонд: 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт

 Социалдык фонд: 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт

1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун пенсия жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 пайызга жогорулап, мында жогорулатуу эң төмөн дегенде 600 сомду түзөт.

“Жыл сайын пенсия жогорулатылып жатканда, пенсияны жашоо минимумуна жеткирүү үчүн бардык кадамдар жасалат. Негизинен пенсия базалык бөлүктөн, камсыздандыруу бөлүгүнөн жана топтомо бөлүктөн турат. Алсак, базалык бөлүгү мамлекет тарабынан кепилдик болуп саналат. Ал бардыгына бирдей 3 миң 170 сом өлчөмүндө берилет. Ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү бул пенсионердин өзүнүн иш стажынын эсебинен тапкан бөлүгү”,- деди Кулжанова.

Белгилүү болгондой, былтыркы жылдан тартып жаңы чектелген пенсиялар 6 миң 900 сомдон кем эмес болгон, эми эң аз дегенде 600 сом кошулуп толук пенсиянын эң төмөнү 7 миң 500 сом болмокчу.

“Статистика комитетинин маалыматы боюнча былтыркы жылдын көрсөткүчү боюнча жашоо минимуму 7 миң 100 сомду түзөт. Азыркы жогорулатуудан кийин бул жашоо минимумунан ашык пенсия камсыз кылабыз. Мындан жогору пенсиялар да болушу мүмкүн, мисалы камсыздандыруу бөлүктөрү 10 миң сом андан ашык болушу мүмкүн. Анда булардын жогорулатуусу да алгылыктуу болот”,- деди ал.

Ошондой эле Социалдык фонддун өкүлү жарандарга кайрылып, камсыздандыруу төгүмдөрүн ачык-айкын, көмүскөдө калтырбай төлөө керектигин кошумчалады. Анткени, көмүскөдө калтыргандар пенсияга чыгарда камсыздандыруу стажы жетишпей, пенсиянын көлөмү аз болуп калууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2017-жылдан тартып пенсияга чыгуу үчүн адамдын жеке кабинети түзүлгөн. Мында жарандар пенсияга чыгуу үчүн автоматтык түрдө өз документтерин тиркеп жиберсе, Социалдык фондко келбестен эле пенсия чектелип берилет. Бул жеке кабинетке “Түндүк” порталы аркылуу жеткиликтүү.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост