Соцфонд баалуу кагаздарга жана депозиттерге 4,5 млрд сом инвестициялады

 Соцфонд баалуу кагаздарга жана депозиттерге 4,5 млрд сом инвестициялады

Социалдык фонд Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2025-жылдын январь-февраль айларындагы инвестициялары тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2025-жылдын январь-февраль айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга 15,20-16% жылдык кирешелүүлүгү менен 3 687,6 млн сом инвестициялаган.

Фонддун каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык мөөнөт менен 800 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 12,4-12,8% болгон. Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 4 487,6 млн сом инвестицияланган.

2025-жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

  • жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 049,6 млн сом;
  • депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 99,4 млн сом;
  • МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 7,4 млн сом.

Бардыгы болуп 2025-жылдын январь-февраль айында фонддун каражаттарын инвестициялоодон 1 156,4 млн сом киреше алынган.

Связанный пост