Сиань шаарында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун кезектеги жыйыны өттү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушев жетектеген делегация Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун кезектеги жыйынына катышууда.
Иш чарада Башкы прокурор К.Т.Зулушев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн прокуратура органдарынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүдө, кылмыш иштери боюнча мамлекеттик аралык укуктук багытта көмөк көрсөтүүдө, мыйзамдуулукту, укук тартибин камсыз кылууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ошондой эле, аталган жыйында ШКУга мүчө өлкөлөрдө инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу менен жеке ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча прокурордук көзөмөлдү жогорулатуу жана экономиканы модернизациялоодо прокуратура органдарынын ролу жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды.
Жыйындын алкагында Аскер прокуратурасынын жетекчилеринин биринчи кеңешмеси болуп, анда эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңгизат жана курал-жарак сатууга каршы күрөшүү маселелери каралды.
Иш чаранын жүрүшүндө Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кытай Эл Республикасынын Башкы прокурору Ин Юн мырза менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматташуусун бекемдөө, тажрыйба алмашууну жакшыртуу, кылмыш иштер боюнча бири-бирине укуктук жардам көрсөтүү, ошондой эле Кытайда түрдүү кылмыштар боюнча ар кандай мөөнөткө кесилген кыргызстандык жарандарды экстрадициялоо тууралуу пикир алмашуу болду.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун отурумунун соңунда протоколго кол коюлуп, кезектеги отурум 2024-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүлүүсү бекитилди.